• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орбан Жээнбековду Венгрияга чакырды

4 Аяк оона 2018 13:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек 04.09.2018.Govori.TV.
Орбан Жээнбековду Венгрияга чакырды. Бул тууралуу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан соң билдирди. Орбандын айтымында, ал эки өлкө дипломатиялык алаканы баштаганы Кыргызстанга сапар менен келген алгачкы венгер башчысы болду.
— Бизди Европада эң батыш-чыгыш эли катары санашат. Буга өзүбүз да макулбуз. Венгрия Европадагы өлкөлөр сыяктуу эле өнүгүп жаткан өлкө. Бизди жат элдер курчап турат жана биздин туугандарыбыз жок. Ошондуктан, Венгрия өзүнүн географиялык, маданий жана рухий тамырларына кам көргүсү келет, — деди Орбан.
Түрк тилдүү өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөгөнүн айткан Виктор Орбан расмий Бишкек менен фармотехнология, айыл жана суу чарба тармагында кызматташууну кааларын кошумчалады.
Ошондой эле Венгриянын Эксимбанкы Кыргызстанга насыя берүү боюнча линия ачарын маалымдады. Буга кошумча Виктор Орбан Жээнбековго Будапештке сапар менен келүүгө чакырды.
Количество просмотров: 25