• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Махабат Мавлянова УКМКны социалдык тармактардагы маалыматтарды көзөмөлдөөгө чакырды 

11 Тогуздун айы 2018 14:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлүнө кайрылып, экстремисттик жана террордук маанайда маалымат тараткан интернет-сайттарын жабууну тездетүүгө чакырды. Ал «Интернетте экстремизмге, террорчулукка багытталган маалыматтар тарап жатат. Аталган маалыматтардын башка булагын же кайдан тарап жатканын тактап, бул сайттарды жаба аласыздарбы?» -деп суроо узатты депутат.
Ал эми жогоруудагы суроодон соң УКМК коомго терс  чакырык тараткан маалымат булактарды, интернет видеолорду аныктоого боолоорун айтып, бирок жабууда кыйынчылыктар бар экенин айтты.
Ошоной эле Мавлянова социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан туура эмес маалыматтарды эл аралык уюмдарга кайрылсак дагы чара көрүлүүсү керек деп кошумчалады.

 

Количество просмотров: 28