• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БУУ Өзбекстанга суунун булганышына каршы күрөшүүгө жардам берет

3 Бугу 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европалык экономикалык комиссиясынын радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн жайлардын коопсуздугун камсыздоо боюнча сунуштарын изилдеп чыгып, бул багытта атайын жумушчу топ түздү. Бул тууралуу БУУнун расмий сайты билдирет.

БУУнун маалыматына караганда, ушул тапта Өзбекстанда радиоактивдүү жана башка кооптуу калдыктарды сактоочу 41 жай бар, алардын 10у башка өлкөлөргө да таасирин тийгизиши мүмкүн. Өзбекстан дарыянын төмөн жагында жайгашкан, суунун булганышы дарыянын жогору жагында жайгашкан өлкөлөргө таасирин тийгизиши ыктымал. Ошондуктан ведомство аралык жана чек ара кызматташтыгын чыңдоо суунун булганышын болтурбоо үчүн да, авария болгон учурда анын кесепеттерин жоюу үчүн да маанилүү ролго ээ.

Апрель айында радиоактивдүү калдыктарды көмүүчү жайлардын коопсуздугун камсыздоо аркылуу суунун булганышынын алдын алуу маселелери ведомство аралык деңгээлде талкууланып, атайын жумушчу топ түзүлгөн. Казакстан менен Тажикстандан кийин Өзбекстан мындай жумушчу топту уюштурган үчүнчү өлкө болуп калды.

БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы Швейцариянын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык бюросунун каржылык колдоосу менен бул топту жеринде окутат.

БУУнун баяндамасына караганда, Өзбекстан алтын жана уран казуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Келечекте бул аймакта өндүрүштүн көлөмү көбөйүп, натыйжада радиоактивдүү жана зыяндуу полигондордун саны өсөрү күтүлүүдө. Бул суунун өтө булганышына алып келиши мүмкүн.

Количество просмотров: 39