• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

БУУ ЖМК, Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамга тынчсызданууда

13 Кулжа 2023 18:25 Бишкек Govori.TV

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору жана «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдарга тынсызданууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве бүгүн, 13-июнда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, долбоорлордун көп жоболору Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерге туура келбейт деген кооптонуулар бар.

«Кыргызстан БУУга жана Адам укуктары боюнча кеңешке үлгү боло турган учурда, бүгүнкү иш-аракеттер туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктерди үзгүлтүккө учуратып коюу коркунучу бар. Ушундай мыйзамдар кабыл алынса, 7 миллион кыргыз элине чоң таасирин тийгизип, алардын татыктуу жашоого болгон үмүтүн өчүрөт», — деди ал.

Количество просмотров: 60