• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

БУУнун өкүлү бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбооруна тынчыздануусун билдирди

23 Кулжа 2023 18:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын контролдоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны өттү.

Жыйында БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбооруна тынчыздануусун билдирди.

Граве Жогорку Кеңеш эл аралык уюмдар, жарандык коом менен бирге өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң роль ойнорун белгилеп, бейөкмөт уюмдар жана ЖМКлардын иштешин чектөөгө алган мыйзам долбооруна тынчызданды. БУУнун өкүлү депутаттарды чечим кабыл алууда бардык тараптардын сунушун угууга чакырды. Ал Кыргызстанда жарандык коом эл аралык уюмдар менен кызматташып, өлкөнүн бардык тармагында ийгиликтүү иштеп жатканына токтолду.

Количество просмотров: 96