Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде өткөн “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн жалпы сыймыгы” аттуу эл аралык конференцияда маанилүү чечим кабыл алынды. Атап айтканда, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин дүйнөлүк деңгээлде белгилеп, 2028-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясына кайрылуу тууралуу резолюция кабыл алынды.
Конференциянын катышуучулары Айтматовдун чыгармачылыгын жалпы адамзатка тиешелүү руханий мурас катары таануу зарылдыгын белгилешти.
Алардын пикиринде, жазуучунун чыгармалары тынчтыкты, гуманизмди, маданияттар аралык диалогду жана адамзаттык баалуулуктарды терең чагылдырат.
Резолюцияда төмөнкү негизги сунуштар камтылды:
Серепчилердин пикиринде, бул демилге Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы жана руханий чөйрөдөгү ордун дагы бир ирет тастыктайт. Анын адамзатка боорукерликке, биримдикке жана моралдык бийиктикке үндөгөн чыгармалары бүгүн да өз актуалдуулугун жогото элек.