• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело июнь окуяларынын он жылдыгына карата билдирүү жасады

10 Кулжа 2020 17:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 2010-жылдын июнь окуясынын 10 жылдыгы белгиленип жатат. Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун атынан бул каргашалуу окуяларда курман болгондорду эскерип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана бул окуялар орун алган жерлердин тургундарына тилектештик билдиргим келет.

Терең жарааттарга жана азаптарга карабастан, Кыргыз Республикасынын тургундары туруктуулукту, чыдамкайлыкты жана калыбына келүү жөндөмүн көрсөтө алышты. Сиздер элдешүү жана тынчтык жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүү үчүн көп күч жумшадыңыздар. Элдешүү бул бир катар максаттардан турган үзгүлтүксүз жүрүүчү жараян экенин унутпашыбыз керек. Бул эскерүү коомдордун көп улуттуу, көп конфессиялуу жана көп маданияттуу болуп бара жаткандыгын эсибизге салат. Бул позитивдүү көрүнүштөрдү колдонуу менен мамлекетте жана коомдо биримдикти бекемдесе болот. Ар түрдүүлүк социалдык биримдикти чыңдайт жана ар бир коомдун өнүгүү жөндөмүн ача алат. Азыр COVID-19 пандемиясы ден-соолугубузга жана социалдык-экономикалык туруктуулукка чоң коркунуч туудуруп турган кезде, биздин ар түрдүүлүгүбүз бул илдетти жеңүү үчүн бизге бириктирүүчү жана коомдун колдоосун камсыздоочу күч болуп бере алат. 

БУУ Кыргыз Республикасынын өнүгүү жолундагы өнөктөшү катары Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда өкмөткө жана элге ар дайым колдоо көрсөтүп, ар бир жарандын коомчулугуна жана өлкөсүнө таандык сезими бекем жана аялуу топтору жаркын келечекке үмүтү чоң жана мүмкүнчүлүгү арбын, ар түрдүүлүктү баалаган туруктуу жана гүлдөп-өнүккөн коомду курууга жардам көрсөтө бермекчи.

Количество просмотров: 84