• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бузулуп жаткан «Ысык-Көл» мейманканасы боюнча президенттин иш башкармалыгы эмне дейт?

24 Бештин айы 2021 17:56 Бишкек Govori.TV

«Ысык-Көл» мейманканасы эскилиги жетип, авариялык абалда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

“Ысык-Көл” мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалда. Бул имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эмес. Ал гана эмес, башкаларга коркунуч туудурат. Сырты курчалганына карабай шаардыктар аймагына кирип кеткен учурлар көп. Имарат урап кетиши мүмкүн жана мейманкана аймагында жүргөн адамдар жабыркап калышы ыктымал. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак», — дешти мекемеден.

Президенттин иш башкармалыгы ордуна эмне салынары тууралуу маалымат берген жок.

Белгилей кетсек, 24-декабрда Бишкектин түштүк бөлүгүндө жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу иштери башталганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 6385