• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кепшн видео: «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынчу имараттын курулушу эмне болду?

30 Аяк оона 2022 13:39 Бишкек Govori.TV

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынчу административдик борбордун курулушу жүрүп жатат.

Бишкектин түштүк жагынан орун алган мурунку мейманкананын айланасы толук курчалганын көрүүгө болот.

Ал эми курулуш иштеринин жүрүшү боюнча президенттик администрациядан жооп болгон жок. Мейманкана 2021-жылдын декабрь айында аны түрттүрүлө баштаган.

Бийлик имарат авариялык абалда экендигин, аны реконструкциялоо кайрадан куруп чыгууга кеткен каражатка барабар болорун айткан.

Кийин ордуна административдик комплекс курула турганы кабарланган. Курулуш менен атайын түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенери жана чет элдик инвестиция тартылбай турганы айтылганы бар.

Имараттын курулушу качан жыйынтыкталары белгисиз.

Количество просмотров: 703