Кыргызстанда Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча департамент” мамлекеттик мекемеси түзүлөт.
Президент Садыр Жапаров 31-октябрда кол койгон тиешелүү жарлык “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинин 5-ноябрдагы санына жарыяланды.
Жарлыкта мындай чечим президенттин администрациясынын жана парламенттин административдик имараттарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу, кызматкерлер жана бул мамлекеттик мекемелерге баргандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынганы айтылат.