• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

«Бычак такап коркутуп, унаасын күрөөканага коюшкан». Бишкекте каракчылыкка шектүүлөрдүн дагы бири кармалды

17 Кулжа 2021 19:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги талап-тоноо кылмышына шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын март айында милиция кызматкерлерине 20 жаштагы жигит жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, 28-мартта түн ичинде «Хундай» автоунаасын башкарып бара жаткан. Анын жанында жүргүнчү бар болчу.

Асанбай кичи районуна жеткенде аны жолдун жээгине сүрүп чыгарган автоунаадан бейтааныш адамдар түшүп, күч менен аны жана жүргүнчүнү алып кетишкен.

Алар бычак такап коркутуп, унаасын күрөөканага калтырып, 2000 доллар ал деп талап кылышкан. Акчаны алгандан кийин качып кетишкен.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 2 шектүү 31-мартта кармалган. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кечээ дагы бир шектүү — 1996-жылы туулган Д.У. кармалды. Кылмыштын башка катышуучулары изделип жатат.

Количество просмотров: 280