• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күйөөсүн кызганган аял «буюртма» берген. Бычакталган 26 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

15 Тогуздун айы 2020 12:04 Бишкек Govori.TV

26 жаштагы бычакталган кыздын өлүмүнө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 26-сентябрда белгисиз адамдар Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, бычак менен 62 жаштагы Т.Ж. жана анын кызына кол салышкан. Айгерим Токбаева алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми кылмышкерлер изин жашырып кетишкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде катталган.

Бул окуя резонанс жаратып, кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМ, Чүй ОИИБ, Аламүдүн РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы кабарлагандай, кечээ, 14-октябрда ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүү 3 адамды кармашты. Алар: 31 жаштагы Б.Ж., анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч.

Алдын ала маалыматка караганда, шектүү Б.Ж. кызганычтан улам айдоочусуна жана досуна Айгеримди өлтүрүүгө «буюртма» берген.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 23431