• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкектин түштүгүндө түнкүсүн суу өчөт. Издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

7 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КАТАРДЫН ЭМИРИ БИШКЕККЕ КЕЛДИ

Бүгүн, 7-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен президент Садыр Жапаровдун тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү болду. Андан соң эки өлкөнүн башчылары кең форматта сүйлөшүүлөрдү улантып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Сапардын жыйынтыгы менен эки тараптуу бир катар документтерге кол коюулары пландалууда.

Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келиши эки өлкөнүн дипломатиялык алакасына 25 жыл толгонуна байланыштуу болгону айтылды. Кыргызстан менен Катар дипломатиялык документтерге 1998-жылы кол коюшкан.

БИШКЕКТИН ТҮШТҮГҮНДӨ СУУ ӨЧӨТ

Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат. бул тууралуу «Бишкексууканалдан» билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аргасыз чара, анткени борбор калааны туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарыл.

«Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда үйлөрдүн жогорку кабаттарында, ошондой эле «Ынтымак» жана «Ала-Арча» конуштарында ичүүчү сууну берүү кечки 23:00 дөн танкы 06:00 чейин токтотулат», — деп айтылат маалыматта.

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган  чет мамлекеттин жараны кармалды.

Ал “Экстремисттик коомчулукту уюштурууга” катышкандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн, ал Кыргызстандын аймагында айыптоодон жашырынып жүргөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан ал жаранды Кыргызстандын аймагында жашырууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 58