• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ташиев: Мындан ары кылмышкерлерди эле эмес,  аларды колдогондорду да жазалайбыз

19 Тогуздун айы 2023 15:15 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторду колдогондор болуп жатканын, эми алар да жазаланарын айтты. Ташиев кылмыштуулукту жайылтууга аракет кылып, аларды колдоп, болушкандарды сынга алган.

«Биз кылмыштуу топторду жок кылганыбызды кээ бирлер кайгырып кабыл алып жатат, аларды колдогон видеолорду чыгарып жатышат. Мындан ары кылмышкерлерди эле эмес,  аларды колдогондорду да жазалайбыз. Уюшкан кылмыштуулук түп-тамыры менен жок болушу керек. Андан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы тазалоону башташыбыз керек. Мамлекетке зыянын тийгизген кызматкерлер көп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартышыбыз керек» , — деди Ташиев.

Количество просмотров: 241