• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө баңгизатын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (видео)

14 Бештин айы 2021 11:01 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө баңгизаттарын ири өлчөмдө сатып өткөрүү менен алектенген топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын ыкчам иш чарасы уюштурулду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, декабрь айынын баш ченинде областтык ички иштер башкармалыгына, аймактын үч тургунуну, мыйзамсыз сатып өткөрүү максатында үйлөрүндө ири өлчөмдө баңги затын сактап жүрүшкөндүктөрү жөнүндө ыкчам маалымат түшөт. Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, баңги заттарын мыйзамсыз өткөрүүнү көздөп жаткан жарандардын өздүктөрү аныкталат. Алар, Ак-Суу районундагы айылдарынын биринин тургундары 38 жаштагы К.А., 39 жаштагы Б.Т. жана 26 жаштагы Т.А. болуп чыгышат. Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, шектүүлөр баңги заттарын өткөрүү үчүн сатып алуучуларды издеп жатканын, же болбосо баңги заттарды автоунаага алмаштырууну көздөп жүрүшкөндөрү милиция кызматкерлерине белгилүү болот.

Милициянын ыкчам кызматкерлери сатып алуучулар катары шектүүлөр менен кезигишип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Сүйлөшүүдө, шектүүлөр мыйзамсыз сактап жүрүшкөн баңги заттарын «Ниссан» жана «АУДИ-100» үлгүсүндөгү автоунааларга алмашууга макул болушат. 42 даана ширенке кутучасына салынган баңги заттарын өткөрүп жаткан жеринен, кылмышка шектүү болгон жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалышат. Андан тышкары, 39 жаштагы Б.Т. үйүн санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылып алынат», — деп айтылат маалыматта.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган далил заттар гашиш жана марихуана түрүндөгү баңгизатына таандык экени аныкталып, гашиштин жалпы салмагы 658 граммды түзсө, марихуананын жалпы салмагы 239 граммды түздү. Кылмышка шектүү катары кармалган жарандарга карата Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 880