Бишкектин Арча-Бешик конушунда бычакталып каза болгон 27 жаштагы келиндин күйөөсү камакка алынды.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүүнүн бөгөт чарасын Ленин райондук соту караган.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмү – “Мыкаачылык менен адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, 15-ноябрдын таңында 27 жаштагы бычак жеген келин “Тез жардам” ооруканасына жеткирилип өзүнө келбей каза тапкан. Ооруканага бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү — 34 жаштагы адам да жеткирилген.
Милиция жубайлар кызганычтан улам уруша кетишкенин кабарлаган. Иликтөө иштери уланууда.