• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Быйыл жалпы жарандык биометрикалык паспорт бериле баштайт

9 Үчтүн айы 2018 16:36 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматы быйылтан тарта жаңы жалпы жарандык (чет өлкөдө колдонулуучу) биометрикалык паспортторду бере баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Ал үчүн заманбап жабдык сатып алынып, орнотулду.

«Жасалма документ жасоочулар да илим менен техниканын заманбап жетишкендиктеринен пайдаланып келишет. Ушул сыяктуу көрүнүштөрдү алдын алып, документтерди жасалмалоого жол бербөө максатында коргоо элементтери дайыма өркүндөтүлүп жана коопсуздук деңгээли жогорулатылып келет. Ошол эле учурда документтерди жасоодо колдонулуучу материалдардын да коргоо элементтерин күчөтүү, ошондой эле жекелештирүүдө заманбап жабдык колдонуу зарыл», — деп айтылат маалыматта.


Жалпы жарандык биометрикалык паспортторду жекелештирүү боюнча орнотулган жаңы жабдык саатына 300 паспортко тексттик маалыматтырды жана сапаттуу сүрөттөрдү басып чыгара алат.

Калкты документтештирүүдө жаңы технологияларды киргизүү жана өндүрүштүк процесстерди оптималдаштыруу иши мындан ары да улантылмакчы.

Жаңы жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен алынган.

 

Булак:Спутник

Количество просмотров: 16