• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Быйыл 167 бүтүрүүчү мектепти «Артыкчылык» аттестаты менен аяктады

11 Бугу 20239:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестациясын алуу укугуна ээ болгон окуучулар аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ошентип, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.

— Баткен облусунан – 14 окуучу;
— Бишкек шаарынан – 76 окуучу;
— Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу;
— Нарын облусунан – 6 окуучу;
— Ош шаарынан – 8 окуучу;
— Ош облусунан – 20 окуучу;
— Талас облусунан – 5 окуучу;
— Чүй облусунан – 21 окуучу;
— Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

Эске сала кетсек, “Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 11-класстын 2 миңдей окуучусу катышкан.

Количество просмотров: 50