• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Быйыл 25 миң 284 абитуриент жогорку окуу жайдын 110дук босого баллын алышты

25 Кулжа 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

Быйыл 25 миң 284 абитуриент жогорку окуу жайдын 110дук босого баллын алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы жалпы республикалык тестти жалпы 44 миң 416 бүтүрүүчү тапшырды.

“Орточо балл 120,5ти түздү. Жогорку окуу жайдын бюджеттик орундарга өтүү баллы 110 деп белгиленген. Босого баллдан 25 миң 284 абитуриент өттү. Ал эми келишимдин негизинде окуунун босого баллы 105 деп белгиленсе, андан 28 миң 143 бүтүрүүчү ашты”, — дейт ал.

Өмүров Баткен мамлекеттик университеттин бюджеттик орундардын босого баллы 100, келишимдин негизде окууга өтүү үчүн 95 баллдан ашуу керектигин кошумчалады.

Количество просмотров: 311