• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Быйыл Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын нормадан аз экспорттоду

22 Тогуздун айы 2018 19:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Быйылкы жылы Кыргызстан Өзбекстанга 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттогон. Бул көрсөткүч нормадан аз.  Бул тууралуу күзгү-кышкы мезгилге карата даярдык боюнча республикалык штабдын отурумунда айтылды.
Анда белгилүү болгондой, экспорттолгон электр энергиясынын жалпы баасы 16,5 миллион сомду түздү. Өндүрүш жана энергетика министрлигинин маалыматына таянсак, план боюнча 500 миллион киловатт-саат экспорттолушу керек болчу.
Былтыр коңшу мамлекетке 18 миллион сомго электр энергиясы экспорттолгон.
Количество просмотров: 38