Быйыл Меккеге зыяратка Кыргызстандан 2 миң 766 жаран бара алат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сауд Арабия 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү.
Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы эки жылдык чектөөдөн кийин быйыл чет элдик жарандарга дагы ажылык сапарга келүүгө уруксат берип, жалпысынан 1 миллион зыяратчыны кабыл алмай болду.
Бирок, быйыл зыяратчыларга талаптар бар. Ага ылайык ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуп, COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу шарт. Андан тышкары, COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктөрү талап кылынат.