• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Былтыр Өзбекстанга экспорттолгон мал дээрлик он эсеге көбөйгөн

22 Үчтүн айы 2021 11:31 Бишкек Govori.TV

2020-жылы Кыргызстандан Өзбекстанга ири мүйүздүү жана майда мал жандыктын экспорту 9,2 эсеге көбөйгөн.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан коңшу өлкөгө 10,4 миң баш ири мүйүздүү жана 36 миң баш майда мал жандык экспорттогон. 2019-жылы ири мүйүздүү мал үчүн бул көрсөткүч 574ү, майда малдыкы 4,4 миңди түзгөн.

Өткөн жылы Кыргызстандын мал экспортунун 98% Өзбекстанга туура келген. Бирок ишкерлер Улуттук статистика комитетинин бул маалыматы чыныгы сандарга дал келбейт деп эсептешүүдө. Алардын айтымында, аткезчиликти эске алганда, фермерлер 2020-жылы бир нече эсе көп мал сатышкан.

«Мен бул сандарга көп ишене бербейм. Биз да базарга анализ жүргүзүп турабыз, бул маалыматтар чыныгы сандар менен дал келбейт. Экспортко тыюу салынганы аткезчилер үчүн жакшы болду. Алар буга чейинкиден да активдүү иштей башташты», — деди «Кыргызленд» экспортерлор жана импортерлор бирикмесинин төрайымы Ленара Ниязбекова.

2020-жылы ноябрда өкмөт малды сыртка сатууга убактылуу тыюу салган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу менен түшүндүргөн. Бирок бул чектөө айрым фермерлерди нааразы кылган. Бир жумадан кийин мекеменин башчысы Тилек Токтогазиев массалык аткезчиликке даттанган. «Бизге өлкөнүн түштүк райондорунда мал аткезчилик жол менен чыгарылып кетип жатканы боюнча көптөгөн билдирүүлөр келип түшүүдө. Бодо малды эле алсак, күн сайын 1000 башка чейин чыгарылып кетүүдө», — деген ал.

Количество просмотров: 94