• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бюджетти колдоого элден түшө турган акча үчүн атайын эсеп ачуу пландалууда

6 Үчтүн айы 2021 11:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз өкмөтү элден жана мекеме-уюмдардан республикалык бюджетти колдоо үчүн түшө турган акча каражатын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, эсепти Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында (БКЭ) ачат.

Финансы министрлиги даярдаган жобонун долбоорунда бул эсеп «юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу негизде түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында укук тартибин коргоо органдарынын депозиттик эсептеринен которулган акчаны жалпы мамлекеттик депозиттик эсепке чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат».

Количество просмотров: 26