• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бюллетендердин 41 пайызы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар алдыда?

1 Бештин айы 2021 14:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-декабрда саат 14:00гө карата бюллетендердин 41,06 пайызы кол менен саналды. БШКнын маалыматы боюнча, 2494 шайлоо участогунун ичинен 1024 участоктогу протоколдор келип түшкөн.

Андагы маалыматтар боюнча, учурда 5 пайыздык босого чектен 7 партия өттү.

Алар:

Ата-Журт Кыргызстан» — 15.33 пайыз;
«Ынтымак» — 14.34 пайыз;
«Ишеним» — 12.70 пайыз;
«Ыйман нуру» — 7.32 пайыз;
«Альянс» — 6.92 пайыз;
«Эл үмүтү» — 5.60 пайыз;
«Бүтүн Кыргызстан» — 5.79 пайыз.

Эскерте кетсек, бул маалыматтар толукталып, өзгөрүп турат.

Количество просмотров: 1115