Бишкекте бюллетенди айрып салган шайлоочуга 5,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов 18-ноябрда «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
«Биринчи май районунда шайлоочу келип бюллетенди көрүп, жакпай калганбы аны айрып салган», — деди ал.
Ал кошумчалагандай, шайлоо күнү жалпысынан эки майда бейбаштык фактысы катталган.