• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Cүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогун жеңип алды

16 Бештин айы 2020 9:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан, Азиянын үч жолку чемпиону, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогун жеңип алды.

Мелдештин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайты түз көрсөтүлдү. 62 кг салмакта Тыныбекова финалдык беттеште латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова буга чейин жарым финалда орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңип алган.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде дагы чемпион болгон.

Количество просмотров: 791