• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

CAFA U-20. Кыргыз курамасы экинчи орунга ээ болду

13 Теке 202410:28 Бишкек Govori.TV

Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы орун алып, анда Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди. Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда орун алып, Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү.

Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин күмүш медалына ээ болду.

Турнирдин жыйынтыгы:

1-орун – Иран;
2-орун – Кыргызстан;
3-орун – Өзбекстан;
4-орун – Тажикстан;
5-орун – Афганистан;
6-орун – Түркмөнстан.

Количество просмотров: 164