Азаттыктын иликтөөсүнөн соң күч түзүмдөрү эң аз дегенде эле бул ишти катуу иликтөөсү керек. Бул тууралуу мурунку Башкы прокурор Аида Cалянова билдирди.
Эң аз дегенде бул иликтөө тууралуу бей тараптуу иликтөө жүрүсү керек. Ошол комиссиянын жыйынтыгы менен гана чечим кабыл алуусу керек. Мен юрист катары ал болсун, бул болсун деп айта албайм бирок, эң азы прокуратура органдары, укук коргоо органдары катуу изилдөөнү, иштерди алып барышы керек, — деди Салянова.