• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

“Centerra Gold” кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бергени кабарланды

17 Бугу 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Бул тууралуу билдирүү чет элдик компаниянын сайтына жарыяланды.

«Центерра Голд» кыргыз өкмөтүнөн Кумтөр кенине байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзамды же «Кумтөр Голд Компани» ишканасына экологиялык чыгым менен салыктан улам салынган айыппулду токтотууну талап кылат. Компания кыргыз өкмөтүнүн акыркы аракеттерин Кумтөр кениндеги инвестициялык келишимдерди бузуу деп эсептейт.

Канадалык компания ошондой эле Бишкек келишимге келбесе, «Кумтөр Голд Компани» тарткан бардык чыгым үчүн арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигин кароону өтүнөрүн билдирет.

«Центерра Голддун» президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри “компаниянын өз укугун, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жана акционерлердин кызыкчылыгын арбитражда коргоодон башка аргасы калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барууну кааласа биз даярбыз” — деп билдирет.

Билдирүүдө кыргыз өкмөтүнүн «мыйзамсыз аракеттери» катары: 6-майда Кумтөрдү сырттан башкарууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы, 7-майдагы соттун 3 миллиард доллар экологиялык доо койгон арызды шашылыш канааттандырганы, 15-майда компаниянын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү белгиленген.

Компания тараптарда ишти карай турган арбитрды тандоого 28 күн бар экенин эскерткен. Эгер тараптар арбитр ким болоору тууралуу мунаса таба алышпаса, анда “Центерра” арбитрды дайындап берүү өтүнүчү менен Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко кайрылмакчы.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган. 12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд Компани» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айыппул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

Количество просмотров: 89