• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Комиссия: Centerra Gold Inc компаниясы Кыргызстанга акча аз которуп, маалыматтарды манипуляциялаган

12 Бугу 2021 15:16 Бишкек Govori.TV

Centerra Gold Inc компаниясы Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча которуп, маалыматтарды манипуляциялаган. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 12-майда өткөн жыйында билдирди.

«Иш жүзүндө «Кумтөр» ачылгандан бери, тагыраагы, 26 жылда Кыргызстанга 1 миллиард 750 миң 818 миң доллар которгон. Анын дагы 90 пайызын салык катары төлөгөн. Калган цифралар манипуляцияланып, компаниянын Кыргызстанга бөлгөн каражаты катары көрсөткөн. Чынында 2,5 эсе аз которгон. Биз Centerra Gold Inc компаниясынын сайтын карап, алар маалыматты манипуляциялаган деген бүтүмгө келдик. Анда Кыргызстанга 4 миллиард 485 миллион 952 миң доллар которулганы жазылган. Чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн Кыргызстанга жумшаганын көрсөткөн. Бирок алар чынында бизнес чыгымдарына колдонгон», — деди Жапаров.

Учурда мамлекеттик комиссия текшерүүнүн корутундусун жарыялап жатат.

Количество просмотров: 151