• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Абылгазиев Бельяниновдун кыргыз өкмөтүнө карата айткан сынына жооп берди

19 Аяк оона 2018 11:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельяниновдун кыргыз өкмөтүнө карата айткан сынына жооп берди.
Бүгүн парламентте «Республика Ата-Журттун» депутаты Руслан Казакбаев Бельянинов «Кыргызстандын өкмөтүндө сүйлөшкөнгө киши жок, башаламандык бар» деп айтканын эскертип, өкмөт башчынын жообун сурады.
Ал эми  Абылгазиев депутаттын бул суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди:
— Ал киши расмий болсо, «келели, жолугалы» десе сүйлөшөбүз да. Анан ал кишинин деле өзүнүн тарыхын билебиз эмне болгонун. Премьер-министрдин, өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшө турган өзүнүн жүзүн көрсөтсүн. Биз таза кишилер менен иштейбиз. Таза эмес кишилер болсо өз комментарийин бере беришсин, жактай берсин, жолуга берсин, — деп жооп берди.
Эске салсак, 6-сентябрда Алматыда Евразиялык маалымат каражаттарынын конгрессинде Бельянинов банктын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу суроого жооп берип жатып, «сунушталган долбоор болбогондуктан насыялоо да болгон жок» деп жооп кайтарган. Ошондой эле ал Кыргызстанда ишкердиктин көзү менен караганда эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин, аткаминерлер тез алмашып тургандыктан, аларга «ликбез» (сабатын ачып) өтүүгө аргасыз болуп жатканын айткан.
Кыргызстандын Каржы министрлиги инвестицияга кепилдик бере албаганын билдирген Бельянинов жагдайды белгилүү жөөт анекдоту менен салыштырып, жардам сураган адамга Кудайдын «жок дегенде лоерея билетин сатып алып койчу» дегенин мисал келтирген.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков  дагы  кыргыз өкмөтүнүн чет элдик ишмер Андрей Бельяниновдун айткандарына татыктуу жооп бербегени үчүн парламенттин жалпы жыйынында катуу сынга алган.
Бельянинов кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы катары белгилүү болчу.

 

Количество просмотров: 31