• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Үч адамдын өлүмүнө шектелген Аширалиев биринчи көрсөтмөсүнөн баш тартууда

16 Тогуздун айы 202316:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылып, айыпталуучу көрсөтмө берди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жазгандай, Аширалиев көп нерсе эсинде жок экенин айткан.

«Ошол күнү саат 23.00дөрдө үйүнө бардым. Ага чейин ичимдик ичиптир. Вино алып чыкты. Балдарын урушуп жатты, бир карасам кызын сабап, чачынан жулуп жатыптыр. Бычакты кызы Сайкал дагы кармап турган. Ал “бизди балдар үйүнө берип сал” деп кыйкырып жатты. Ошондон кийин эсимде жок. Өлүк жатканы эсимде. Алтынай эже балдарын көп урчу. Бир жолу кызына бычак менен тап берип, Сайкал ваннага жашынып калыптыр. Алтынайды мен, балким, Сайкал өлтүрдү. Ызы-чуу болуп жаткан. Балдарды Алтынай эже өлтүрүшү мүмкүн… Баланын өлүгүн көрүп, үстүн жаап, коркпосун деп оюнчугун жанына коюп койгом. Биринчи көрсөтмөдөн баш тартам, анткени милиционерлер кыйнаган. Арак ичкем, өзүмдө эмес элем. Баштык кийгизип, сабашты. Мен өлтүргөн жокмун, кудай турат деп жаттым. Мен өлтүргүм келсе таксиде, бет капчан, кол кап кийип бармакмын. Аны азыр эч ким билбейт болчу», — деп жазылат маалыматта.

Айыпталуучу аялдан акча, батир алды деген кептердин баары жалган экенин кошумчалаган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Аширалиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 281