• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ч.Айтматовдун көрүстөнүнүн түндүгү уурдалдыбы? Министрликтин жообу…

19 Теке 2021 10:21 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ч.Айтматовдун көрүстөнүнүн түндүгү уурдалды деген маалыматты четке кагат.

Министрликтин маалыматына таянсак, учурда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

«Айрымдар такталбаган маалыматтарга таянуу менен коомчулукта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чынгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк “белгисиз адамдар тарабынан алынган” деген пикир жаратуу аракетин көрүүдө. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт»,-деп айтылат Маданият министрлигинин маалыматында.

Эске салсак, буга чейин коомчулукта мемориалдык комплекстеги жерде жаткан түндүктөр боюнча кайчы пикирлер айтылып, жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар арбын болгон. Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында, “Түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде, учурда долбоордун автору У.Бейшенбаев менен биргеликте атайын топ бул маселе боюнча иш алып барып, жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууда.

Ал эми Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Министрлик мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн режимде кайтарыларын эскертип, чагымчылдык аракеттен алыс болууга чакырат.

Количество просмотров: 478