• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Үч бөлмөлүү үй толугу менен күйүп кетти

4 Жалган куран 202214:29 Бишкек Govori.TV

Үч бөлмөлүү турак үйдөн өрт чыгып, үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн Араван районунун Чег-Абад айыл аймагындагы Көчүбаев айылында жыгач устундуу турак үй өрттөнүп жаткандыгын маалымдашкан. Маалыматка ылайык, турак үйдүн чатыры шифер менен жабылган.

Электр чайнегинен чыккан өрттүн кесепетинен өрттүн жалпы аянты 60 чарчы метрге жетип, 3 бөлмөлүү үй толугу менен өрттөнүп кеткен.

Өрт кырсыгынан улам үйдүн ичинде болгон бардык эмеректер, документтер күйүп кеткен.
Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 235