• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Үч бир туугандын окшош өлүмү. Ошто 18 жаштагы жигит өзүн өзү асып алды

21 Бирдин айы 201916:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.

Оштогу Өзгөн районунда 18 жаштагы жигит өз өмүрүнө кол салды. Ал эгиздин түгөйү болчу. Учурда анын өлүмү боюнча ар кандай себептер айтылып жатканын «Турмуш» агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышкан.

Ал эми Ош ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, ушул жылдын 8-февралында 2001-жылы туулган Э.Ж.нын асынып турган денеси өзүнүн үйүнөн табылган. Маркумдун үй-бүлөсүнүн көрсөтмөсүнө караганда, буга чейин анын 1997-жылы жана 1995-жылы туулган агалары асынып көз жумган. Окуя 2006-2007-жылдары болгон.

Маркумдун түгөйү: «Ал каза болгонго чейин түшүндө аян берилип жатканын айткан. Ошондой эле ал учурда мени чакырып жатат», — деп билдирген.

Үч баласынан айрылган ата-эненин 2 уулу калды. Ал эми маркум жигит Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейде окуп жаткан.

Болжолдуу маалымат боюнча, эгиздин түгөйү каза болгонго чейин өзү окуп жаткан окуу жайдагы баладан күч колдонуп 700 сом тартып алган. Ал агаларын чакырып, акчасын кайтарып алып, экөө элдешкен. Учурда бул окуянын маркумдун өлүмүнө канчалык деңгээлде тиешеси бар экендигин Өзгөн РИИБ аныктап жатат.

Ал эми маркум жигит окуган лицейдин директору Нематкан Абжалиеванын айтымында, Э.Ж. алдыңкы студенттердин бири болгон.

«Тайпасынын башчысы болчу. Сабакты да жакшы окучу. Буга чейин анын жаман жүрүм-турумун көргөн эмеспиз. Балага айылдаштары салык салганбы же кыз талашканбы белгисиз», — деди Н.Абжалиева.

Окуя болгон айылдын башчысы жигиттин өлүмүнө арзыбаган акча себеп болгондугу айтылып жатканын билдирди.

Количество просмотров: 13