Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Ош шаарынын тургуну Гүлзина Абдимажитова 9-апрель күнү эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келген. Бирок, анын айтымында буга чейин беш ирет УЗИ аппаратына түшүп, бешөө тең үч түйүлдүк бар деп көрсөткөнүн айтып, дарыгерлерге нааразы болгон. Бул ишти иликтөө боюнча Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, натыйжада диагностикалык ката кетип калган деген жыйынтык чыгарганын министрликтин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.
“Ымыркайларга 28 жума болгондо, 4-февралда түшкөн УЗИнин жыйынтыгы эки кыз деп көрсөткөн. Үчүнчүсү чагылышып калган. Негизи заманбап жаңы УЗИ аппараттар мындай жаңылыш жыйынтык чыгарбайт. Учурда баардык УЗИ аппараттар текшерилип, дарыгерлерди кайрадан окутуу боюнча сүйлөшүп жатабыз», — деди Асылбашева.
Ал эми комиссиянын чыгарган чечими менен төрөгөн келиндин апасы менен жолдошу макул эместигин айтып, Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылганын айтышкан.