• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүй каналына агып кеткен «Тазалыктын» үч жумушчусунун дагы биринин сөөгү табылды

31 Бештин айы 202510:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Свердлов районунда ЖЭБдин (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кетип, изделип жаткан жарандардын дагы бирөөсү табылды.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 30-декабрында аталган каналга үч жаран түшүп кетип, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми калган эки адамды (1963-жылы туулган Ж.Ж. жана 1966-жылы туулган Ж.Т) издөөгө бүгүн жалпы 150 адам тартылган. Ушул сааттарга карата дагы бир адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан алынып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жеринде издөө ишин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов координациялоодо. ӨКМден жалпы 90 куткаруучу тартылган, анын ичинен:

  • КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан 55 куткаруучу,
  • Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 18,
  • КДМБдан 5,
  • Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6,
  • Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7,
  • Бишкек шаардык мэриясынан 30 кызматкер,
  • ИИМден 30 кызматкер. Жалпы 150 адам тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Каналага түшүп кеткен 3 адам «Тазалыктын» кызматкерлери экени белгилүү болгон.

Кечээ бир жумушчусунун сөөгү табылганын ӨКМ билдирген болчу.

Количество просмотров: 204