• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 адамдын биринин сөөгү табылды

30 Бештин айы 202513:34 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 адамдын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен 3 адам каналга түшүп кеткендиги маалымдалган. Кийин алар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери экени белгилүү болгон.

Аларды издөө иштерине саат 09:05тен тарта жалпы 8 куткаруучу тартылып, издөө иши активдүү улантылууда.

«Учурда бир жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», – деп айтылат маалыматта.

Калган 2 адамды издөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 153