• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө

1 Жетинин айы 202414:42 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналынан 59 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 59 жаштагы М.А. аттуу жаран 20-октябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Кечээ, 31-октябрда аталган жарандын кызынын кайрылуу катынын негизинде жеринде издөө иши башталып, ӨКМдин 7 куткаруучусу тартылган.

Жакындарынын маалыматына ылайык, дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калгандыгы аныкталган. Буга байланыштуу дайынсыз болгон адам Чоң Чүй каналынан изделүүдө.

Количество просмотров: 198