• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүй каналына чөгүп кеткен эки адамдын биринин сөөгү табылды

7 Кулжа 2021 11:56 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналына эки адам чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, 6-июнь күнү Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2 адам чөгүп кеткен.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар суудан 1971-жылы туулган Ш.М. аттуу жарандын сөөгүн суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Экинчи адамды (аты жөнү такталууда) издөө иштери жүрүп, караңгы киргендигине байланыштуу токтотулду.

Бүгүн, 7-июнда жерине издөө иштерин улантуу үчүн 4 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 260