• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүй менен Курманжан датка көчөлөрүнүн бир бөлүгү ачылды

26 Баш оона 20259:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тилкеде эки катмар асфальт төшөлгөн. Эми автобус каттамдары мурдагы жол кыймылы менен каттай баштайт.

Эскерте кетсек, Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы 23-августтан тарта оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Количество просмотров: 101