Чүй облусунун ЖКККБнын офицердик курамына нускама жана саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан офицерлер курамга жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарына бөгөт коюу максатында нускама өткөрүлдү.
Өздүк курамга кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, ошондой эле эл арасында жол эрежелерин сактоого багытталган түшүндүрүү иштерин күчөтүү талаптары коюлду.