Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
Чүй облусуна караштуу Константиновка айылында үч күн мурда жоголгон Владимир Доложневичтин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ал 29 жаштагы кишинин сөөгүн туугандары менен аныкталганы айтылды.
“Окуя болгон жерге Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобу барып, текшерүү башталды. Владимир Доложневич 15-апрелде Константиновка айылынан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө уулум жоголду деген арыз менен апасы кайрылган”,- деп айтылат маалыматта.