• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүй облусунда USAIDдин жардамы менен ири заманбап тигүүчү фабрика ачылды

22 Чын куран 2019 15:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

19-апрелде Вице-премьер-минстр Замирбек Аскаров, Чүй облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимов жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу Чүй облусунда жаңы тигүүчү фабриканын расмий ачылыш аземине катышышты. Бул фабрика эл аралык стандарттарга жооп берген кийим тигип, 350 кишини жумуш орундары менен камсыз кылат. Заманбап фабриканы “Кул Брос” (Cool Bro’s LLC) компаниясы АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) менен кызматташтыкта ишке киргизди.

Бул өнөктөштүктүн алкагында “Кул Брос” имарат жана жумушчуларды даярдаса, USAID болсо 300 миң долларлык заманбап тигүүчү жабдуулар менен камсыз кылды. Бул жабдуулар – 155 түрдүү машиналар жана аспаптар – экспорт үчүн чоң заказдарды бат жана сапаттуу жасоого мүмкүнчүлүк берет.

«Бул фабриканын өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул автоматташтырылган жабдуулар. Анын жардамы менен биз күнүнө 40 миң даана өндүрүм чыгарууну көздөп турабыз», — деди Сүймөнкул Жолдубаев, “Кул Брос” компаниясынын ээлеринин бири.

Бул жаңы фабриканын жардамы менен “Кул Брос” компаниясы өз өндүрүмүн эки эсеге көбөйтүп, жаңы кардарларды, анын арасында ири европалык компанияларды тарта алды.

Фабрикага болгон сапардын алкагында, элчи Дональд Лу мындай фабрикалар жаңы жумуш орундарын жаратуудан сырткары, Кыргызстандын жогорку сапаттагы кийим тигүүчү өлкө катары абройун бекемдээрин белгилеп кетти. «USAID аркылуу Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен туруктуу жана жакшы төлөгөн жумуш орундарын жаратуу жана бардык кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти улантууга даяр», — деди элчи.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров бул долбоор аймактарды өнүктүрүүгө шарт түзүп, Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо” жөнүндө Жарлыгына ылайык өзгөчө актуалдуу экенин белгилеп кетти.

USAID Кыргызстандагы алдыңкы экономикалык секторлорундагы жеке ишкерлерге көмөктөшүп, алардын өнүдүрмдүүлүгүн жогорулатууга, жаңы рынокторго чыгууга жана жаңы жумуш орундарын жаратууга жардам берет. Кийим тигүү секторунда, акыркы төрт жылда USAIDдин жардамы менен сегиз кыргызстандык фирма 3 миллион долларлык экспорт келишимдерин түзүштү.

Количество просмотров: 4