• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

22 Чын куран 2022 13:13 Бишкек Govori.TV

КР УКМК коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин жүрүшүндө сот системасындагы маселени оң жагына чечип берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан акча каражатын талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган. Бул тууралуу УКМК Басма-сөз борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. КР жараны К.Ж.К. аттуу жарандан жарандык ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 35 миң АКШ долларын талап кылганы аныкталган.
Белгилей кетсек, А.С.К. буга чейин К.Ж.К. бул маселени чечүү үчүн 97,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражатын алган.


Ошол эле учурда А.С.К. мурда берилген акча каражаттарын (97,5 миң АКШ доллары) алган, андан соң сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң АКШ долларын талап кылган.


2022-жылдын 21-апрелинде А.С.К. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 201