• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чүйдө 11 күндөн бери изделип жаткан адамдын сөөгү каналдан табылды

19 Бирдин айы 2021 11:11 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Чолпон айылынын 49 жаштагы тургуну 7-февралда дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу анын туугандары Чоң Чүй каналын бойлой издеп берүү өтүнүчү менен ӨКМге кайрылышкан.

«18-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 08:30да 18 куткаруучу тартылып, саат 10:40та маркумдун сөөгүн суудан табышкан. Сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 127