• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүйдө 13 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

5 Баш оона 202110:31 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Сокулук районунда 13 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жайгашкан суу сактагычка 2008-жылы туулган Ж.А. аттуу бала чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 297