Сосновка айылындагы каналга 15 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 4-майда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сосновка айылында жашы жете элек бала топ алам деп жүрүп каналга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келди.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.