• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Чүйдө 154 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

11 Чын куран 202311:22 Бишкек Govori.TV

Москва районунда 154 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жер жана агрардык реформа боюнча борборунун жана «А-Б-А-С» ААКын ортосунда түзүлгөн 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин жана Биринчи май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдагы “2001-2003-жылдарга менчиктештирүү программасынын долбоорун аткаруу жөнүндө” токтомун бузуу менен 154 млн сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ат майданы) «А-Б-А-С» ААКына мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.

Москва райондук прокуратурасынын жер аянттарын артка кайтаруу боюнча доо арызы сот органдар тарабынан канааттандырылып,  муниципалдык менчикке кайтарылды.

Количество просмотров: 70