• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Чүйдө 17 үйдүн чатырын шамал учурду

9 Баш оона 2022 9:01 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатырын шамал учурду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунда саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Айылда бак-дарактар кулап жана электр мамычалары жабыркап ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүкө учураган. Мындан улам табигый кырсык катталган дерекке 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн 4 өкүлү кызматкер жана 3 бригада тартылган.

Количество просмотров: 597